Баткен эли жалгыз бой энеге үй куруп берди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында турмуш шарты оор, үч балалуу жалгыз бой эне, Күмүшай Назаровага элдин салымы менен үй курулду.
“Жакшылык чөйрөсү” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан башталган демилге, бир жарым ай аралыгында бүткөрүлдү.
Үч бөлмөлүү үй, жашоо үчүн керектүү шарттары менен курулган.
Турак үйдү ээлерине тапшыруу аземине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбек Абдиев жана жергиликтүү жетекчилер,айыл тургундары катышты.
Облус башчысы бул саамалыкка салым кошкон ар бир жаранга ыраазычылык билдирип, көпчүлүктүн башын бириктирип, муктаждардын көйгөйүн жеңилдеткен “Жакшылык чөйрөсү” Коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Аида Заиновага “Ардак грамотасын” тапшырды.
Ал эми үй ээсине акчалай белегин берди.
Ошондой эле аталган фонд тарабынан башталган экинчи үйдүн курулушуна өз салымын кошту.у
Белгилей кетсек, ден соолугунан жабыркаган эне, жолдошу каза болгон соң, үч баласы менен турак жайы жок, турмуштун оор кырдаалына кабылган.Анын муктаждыгын жеңилдетүүнү колго алган фонд, бир жарым ай аралыгында, бир жарым миллион сом каражат топтогон.Жакшылыкка катардагы эл, жергиликтүү ишкерлер жана 1989-1998- жылы туулган облустун жигиттери өзгөчө салым кошкон.
Үй ээси Күмүшай Назарованын баласы да, алгач иштеп тапкан каражатын курулушка жумшаган.
Үй куруу үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтү 12 сотых жер тилкесин ажыратып берген.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *