Эдил Байсалов Баткен облусунун эли менен жолугат

Соц.тармактарда бөлүшүү

1-августтан 22-августка чейин өкмөт өкүлдөрү аймактарды кыдырып, эл менен жолугат. Бул убакта маселени жеринде чече турган тиешелүү жетекчи, кызматкерлер менен кошо:
▪️Ош, Жалал-Абад облустарына — Бакыт Төрөбаев
▪️Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын аймактарына — Адылбек Касымалиев
▪️Баткен жергесине — Эдил Байсалов

Баткен облусуна минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов келет .

Алдыда Баткен облусундагы белгиленген жолугушуунун өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:

– 1-августта Лейлек району жана Сүлүктүү шаарында белгиленген жолугушуу саат 10:00дө Раззаков шаарындагы маданият үйүндө болот;
– Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августта саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт;
– Кадамжай районундагы жолугушуу 2-августта Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө саат 10:00гө башталат;
– Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу 2-августта саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залында болот.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *