Улуттук банктын башчысы Мелис Тургунбаев маалымат жыйынында өлкөдө доллардын арзандашынын себептерин түшүндүрдү.
“Бизде Алмашуу курсу өзгөрүлмө жана көптөгөн факторлордун, анын ичинде суроо-талаптын жана сунуштун эсебинен түзүлөт. Жайында Кыргызстанга туристтер көп келет, бул жүгүртүүдөгү доллардын көлөмүн көбөйтөт”, — деди Мелис Тургунбаев.
Улуттук банк үзгүлтүксүз интервенция жүргүзүү менен валюта рыногундагы абалды контролдойт.
Улуттук банк туруктуулукту камсыз кылуу жана суроо-талап менен сунуштун өзгөрүшүнө жооп кайтаруу үчүн рынокко күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантып жатканынмбелгиледи КР Улуттук банктын башчысы.