СЕЛ КАЛДЫКТАРЫНАН ТАЗАЛОО ИШТЕРИНДЕ 131 КУТКАРУУЧУ ЖУМУШ АЛЫП БАРУУДА

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 11-июль саат 10:00гө карата Баткен районунун Ак-Татыр, Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде ӨКМден жалпы 131 куткаруучу иштеп жатат.
Жеринде башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткулов баштаган ыкчам топ, Республикалык өзүнчө куткаруу отряды жана Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары жумуш алып барууда
Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде №31 ӨККБдан 10 куткаруучу турак үй жана короосуна кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 96 куткаруучусу Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *