Лейлек райондук өзбек маданий борборунун жетекчиси, Раззаков шаардык кеңешинин депутаты Анвар Раззакбердиев уюштурган бул мелдешке Ош жана Баткен облустарынын футбол академиясында машыккан 10-11 жаштагы өспүрүмдөрдөн турган 8 команда катышты.
Оштун Алай командасы баш болгон мыкты өспүрүмдөрдүн арасында уюштурулган бул футболдук мелдеш өтө жогорку деңгээлде өттү. 50 миң сомдук байге менен кошо кубок атайын жасалган медалдар алдыңкыларга ыйгарылды.
Жыйынтыгында Оштун Алай командасы 1, Раззаков 2, Сүлүктү шаарынан келген жаш футболчулар байгелүү орундарга ээ болушту.
Раззаков шаарынын борбордук стадионунда өткөн өспүрүмдөрдүн футболдук мелдеши мындан ары салтка айланып жыл сайын уланары айтылды.
120дан ашык футболчулар катышкан облустук деңгээлдеги мелдеш 3 күнгө созулуп, өзбек маданий борборунун жетекчиси тарабынан каржыланды. Футболду өнүктүрүүнү колдогон бул демилге жалпы өлкөгө өрнөк болчу саамалык десек туура болчудай.