КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси
Николас Боулер менен жолукту.

Облус башчысы өз сөзүндө элчи мырзанын Кыргызстан-Улуу Британия кызматташуусун жогорку деңгээлге чыгарууга жана бекемдөөгө кошуп жаткан салымын белгилеп, эки тараптуу мамилелерде позитивдүү өнүгүү динамикасы сакталышын каалады.
Ошондой эле облустун приритеттүү багыты чек ара маселесин чечүү, облус аймагында тынчтыкты сактоо, инвесторлорго жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аймактын экономикалык-социалдык дараметин жогорулатуу экенин белгилеп, кызматташуу багыттарын айтып өттү.
Тагыраагы энергетика жаатында кызматташып, облус аймагында жайгашкан чоң дарыяларда чакан ГЭСтерди куруудагы чоң мүмкүнчүлүктөргө токтолду. Улуу Британиялык ишкерлерге облус аймагында кичи ГЭСтерди жана шамал/күн электр станцияларын курууну сунуштады.
Аны менен катар курулуш материалдарын чыгарган Британиянын КОНКРЕТ КАНВАЗ (“Concrete Canvas”) компаниясынын продукциясына кызыгуусун билдирди.
Белгилей кетсек, компания жумшак композиттик бетон баракчаларын чыгарат. Ал продукция агрардык аймак саналган Баткен облусунда каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулуу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөсө болот. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев бул баракчалар сугат каналдардын алдына төшөлсө, суунун жоготуусун алдын алаарын белгилеп, Конкрет Канваз компаниясынын заводунун филиалын Баткен облусунун аймагында курууну сунуштады.
Өз кезегинде элчи Николас Боулер, Баткен облусу менен ар тараптуу кызматташуу мындан ары өнүгүп, чыңдалаарын, айтылган сунуш пикирлерди биргеликте ишке ашырууга ынтызарлыгын билдирди.