Баатырдыкка тете эрдик

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткендик эне

Маназарова Пазилет Маматкуловна, Тажикстанга чектеш Көк-Таш айылында төрөлгөн.Тагдырдын буйругу менен орто мектепти аяктагандан кийин, коңшу Самаркандек айылынан өмүрлүк жолдошун табат. Кызыл-Кыядагы медициналык орто окуу жайын аяктагандан кийин, Мавлянкул Пакыров менен өмүр көчүн улап, 5 перзенттүү болушат.
Пазилет Маматкуловна 42 жылдан бери бир кесипте, бир айылда эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкса да, Самаркандек айылынын ардактуу айымы катары дале саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү иштеп келет. Дал ошол каргашалуу окуя кыргыз-тажик чек арасындагы тополоң 16-сентябрь күнү, түнкү нөөмөттө туруп, эр жүрөк баатырлардан да эки эсе эрдик көрсөткөн эненин бир түндүк түйшүгүн айтып берүүнү туура көрдүк.


…Күтүүсүздөн атылган октордун үнү улам жаңырып, улам жакындай баштаганда Пазилет айымга өмүрлүк жолдошу Мавлянкул ава телефон чалып:
-Атышууну угуп жатасыңбы, балдардын документтери каерде, мен неберелеримди алып чыгып кетпесем болбой калды окшойт”- деди. Ансыз да жүрөгү туйлап, балдарым неберелерим не болду деп санаасы кетип турган мээрбан эне жолдошунун үнүн угар замат, санаасы бир аз тынчый түштү да, дароо жооп узатты.
-Жакшы элесиңерби, документтерге кармалбай балдарды айылдан алып чыгып кетиңиз деген сөзүн айтты да, телефонун өчүрүп, улам жарат алып келген жарадарларга жардам берип, жаратын таңып жатты… Жарат алгандарга жардам берип жатып да үйүндө калган, жөжөдөй неберелерин оюнан чыгара албай койду. Бул күнү жоокерлер эле эмес, бөөдө жерден ок жеген жай тургундарга да жардам берип жүрдү. Аңгыча: Чорку,Тескей, Паскы-Арык, Шураб тараптан октор мөндүрдөй жаап, оорукананын дубалдарын да тешкилей баштады. Ансайын, чыңалып, эми атылган октордон да коркпой калды. Тескерисинче мээрбан эне өзүнө-өзү дем-күч берип, мен жардам көрсөтпөсөм, эне деген, медайым деген атым кайда калат… Элдин бетин кантип карайм деп ого бетер чыңала түштү. Жаңы эле ок тийген дагы бир жоокердин жаратын таңа баштады:
– Апа батыраак таңып бериңизчи, мен Төрт-Көчөгө барбасам, Төрт-Көчөнү алдырып коёбуз деп жоокер суранып жатты.
– Койсоң ботом, кайдагыны айтасың, кан агып жатпайбы, сени тез жардам менен Лейлекке жөнөтөбүз деди. Жоокер болсо макул апа, макул деп, жарааты таңылган соң, автоматын колуна алып, Төрт-Көчө тарапка карай чуркап кетти… Эне болсо, жаралуу жоокердин өлүмдөн да коркпой чуркап кеткен тарапты карап, ого бетер кайраттана түштү. Улам келген жарадарларга жардам көрсөтүп жатып, түн киргенин дагы билген жок. Баткен тарапка кеткен жолдор жабылгандыктан жарадарлар Лейлек районунун ооруканасына жөнөтүлүп жатты.
Бул күнү түндүн кантип киргенин да сезген жок. Ден соолук сакчылары Абдиманнап доктур, Эркебаева Айнура, Халматова Назакат, Эшназарова Жумагүл, Төрөбаева Умида, Мурзалиева Авазкан айымдар менен кошо Самаркандек айылын таштап, эвакуацияланган эл менен кошо Рават айылына кетишти.
…Рават айылы. Чек арага чектеш Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандектен көчүрүлүп барган эл, бала-чака, кемпир чал дебей аталган айылда убактылуу туруп калышты. Бул жерде да мээрбан эне тынган жок. Кайдагы уйку, кайдагы дем алыш… Жаш-кары дебей доктурдан жардам сурап келгендердин баарын карап калды.
Жамандыкты амандык жеңет дегендей, баары артта калды. Кар кетип, из жоголгону менен баары эсте. Ата Мекен өз баатырларын эч качан унутпайт. Бул эненин чыныгы баатырдыкка тете эрдиги болчу… Пазилет Маназарова бул күнкү нөөмөттөгү каргашалуу окуяны, октон да жалтанбай, жарадарларга көрсөткөн жардамы жөнүндө эч жерде сөз да кылгысы келбейт.
Биз Пазилет апа менен капыстан жолугушуп калдык. Ушундай күндөрдү баштан кечирипсиз кандайдыр бир сыйлык же алкыштарды көп алгандырсыз дедик.
Сыпайы жооп кайтарып, сыйлык деле эч кимден күткөн жокмун. Тынчтык эле болсо, мага чоң дөөлөт да, бакыт да, сыйлык да ошол. Айрымдар тополоңго катыштык, урушта калдык деп Воронцовкада, Көлдө эс алып келишиптир.
– Азыр да Самаркандекте турасызбы?
– Ооба, үй- бүлөм балдарым менен баарыбыз, эч жакка кетпейбиз деди.
Мээрбан эне акырын биз менен коштошуп, кой мен кетейин эми, жумушум да күтүп калды деп, туулуп өскөн айылын көздөй жөнөп кетти.
Ичиркене түштүм, ушундай ары жөнөкөй, ары улуу да баатыр энелерди аттарын атап, жок эле дегенде бир майрамда бир кучак гүл берем деген ойдо калдым.
Ата Мекен өз баатырларын эч качан унутпайт, балким бүгүн болбосо эртең Баткендик эненин баатырдыкка тете эрдиги эске алынаар…

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *