Раззаков шаарында “Кылым карыткан кыргыз килеми жана -Өрмөк” аттуу Республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт

Соц.тармактарда бөлүшүү

28 -май күнү Лейлек районунун Раззаков (мурунку Исфана) шаарында
“Кылым карыткан кыргыз килеми жана -Өрмөк” аттуу Республикалык кароо-сынак фестивалынын экинчи айлампасы өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Маалым  болгондой фестивалдын максаты-кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат.
Аталган иш-чарага Кыргызстандын ар аймагындагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер катыша алат. Катышуучулардын саны чектелбейт. Көчөттөр, түрлөр, оюулар нукура кыргызча жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар кароо-сынакка коюлат. Анда “Түктүү килем”, “Арабий килем”, “Мурас килем”, “ Терме таар”, “Мурас таар”, “Мыкты кол өнөрчү” номинациясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Ошондой эле “Килем жана терме” боюнча мастер класстар өткөрүлүп, жаш уздарга кызыктыруучу сыйлыктар берилет.
Кароо-сынактын калыстар тобунун курамы көркөм өнөр эксперттер, дизайнерлер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт.
Эскертүү: Синтетика буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин каржылык колдоосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы, Лейлек райондук маданият бөлүмү, Кыргызстандын Кол өнөрчүлөрүнүн кеңеши тарабынан уюштурулуп өткөрүлөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *