Кутман күн, окурманым!
24-майда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кантсе да көчөгө чыгарда кол чатырды алганды унутпагыла. Анткени бүгүн өлкө аймагында жамгыр жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болорун Кыргызгидромет эскертти.
Абанын температурасы Борбор калаада +25..+27, Чүйдө +22…+27, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +24…+29, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарында +21…+26 градус жылуу болот.
Бүгүнкү күнүңүз жакшы жаңылыктарга бай болсун!