Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин “Эмгекти коргоо боюнча бир айлык жарыялоо жөнүндөгү” 2024-жылдын 29-апрелиндеги №4/1 токтомунун негизинде 2024-жылдын 13-майында Баткен мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Эмгек укуктары кербени” аталышында жолугушуу болуп өттү.
Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укуктук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин окутуучусу, юридика илиминин кандидаты Качкын кызы Гульназ, БатМУнун проректору Миралы к Анара, Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.Эркебаев, облустун район-шаарларындагы билим берүү бөлүмүнүн башчылары, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары катышышты.
Иш чараны Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков ачып, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, кесиптик бирликтин иштерин социалдык ө нөктөштөр менен биргеликте мындан ары активдештирүү милдеттерине токтолду.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинен, Ж.Баласагын атындагы КУУдан келген өкүлдөр эмгек укуктары боюнча слайд, видео роликтер менен кеңири маалымат беришти.
Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укуктук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов катышуучуларды кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берип, мыйзамдардын беренелеринин күндөлүк жумуштарында пайдаланылышы боюнча мисалдар менен жеткиликтүү түшүндүрүп берди.
Ушундай иш чараны уюштургандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевге жана Борбордук комитетинин аппарат жетекчиси, башкы укуктук жана техникалык инспектору Б.Кадыркуловго Баткен областындагы Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрү тарабынан терең ыраазычылыктар айтылды.