10-май күнү саат 18:00 чамасында жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Раззаков шаары, Сумбула, Ак-Суу, Кулунду айыл өкмөтүндө сай ичинде сел арада сел өз нугунда жүрүп, Раззаков – Көк-Таш унаа жолунун 15-30 чакырым аралыктарынын айрым жерлерине түшкөн кум шагылды тазалоого №13 Жол тейлөө ишканасынан тартылган жүктөгүчтүн жардамы менен унаа жолунда калыбына келтирүү иштери уланууда.
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 364-чакырымына түшкөн кум шагыл толук тазаланып, Чыгыш көчөсүндө турак үйдүн жертөлөсүнө кирген сел суулары толук тазаланып бүткөрүлгөн.
Лейлек району боюнча ӨКМден жалпы 10 куткаруучу, 1 мотопомпо жана мэриядан грейдер тартылган.
Сүлүктү шаарындагы Макаевка көчөсү аркылуу өткөн сел өтүүчү сайдан сел суулары агып, жеринде №52 ӨКБдан 11 куткаруучу, №1 ӨМТККВнан 11 куткаруучу абалды көзөмөлдөп турду.
Баткен районунун Самаркандек айылындагы сай ичинен да сел суулары келип, бактыга жараша кооптулук жаралган эмес. Түнү бою №31 ӨККБнүн аскер кызматкерлери тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, бүгүн эрте менен Баткен району боюнча ӨКБ башчысы жеринде болуп, сел сууларынан зыян жок экендигин тактаган.
Учурда сел келген аймактарда башкармалыктын башчысы подполковник Т.Айткулов баштаган ыкчам топ жумуш алып барууда.
Маалымат катары айта кетсек, буга чейин 22-апрель күнү Раззаков шаарынын, 6-май күнү Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.
Кошумча маалымат берилет.