Бүгүн Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу, экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү максатында, БУУӨПтүн колдоосу менен өлкөнүн бардык аймактарында “Экспорт кербени” маалыматтык кампаниясынын алкагында экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча Министрликке караштуу “Кыргыз Экспорт” борбору тарабынан жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер үчүн эскпорттоочуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү, жергиликтүү ишкерлер жана уюмдар үчүн өз продукциясын чет өлкөлөрдүн базарларына чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат жыйын өткөрдү
Ага «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Такиров Урмат Канатбекович, КРнын Президентинин Баткен облусунудагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчиси Алихан Ураимов, Баткен облустук Экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева жана облус аймагынан келишкен жеке ишкерлер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров облус аймагындагы ишкерлер тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштарына, аларды экспорттоо багытында пайдалуу кеп-кеёештерин, долбоорду кантип алдыга жылдыруу жагдайларын кеңири түшүндүрдү.
Жыйын соңунда ишкерлер түшүнбөгөн жана ыңгайсыздык жаратып жаткан учурлар тууралуу берилген суроолорго кеңири маалымат алышты.