Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы милициянын майору Мирбек Толтоевдин демилгеси менен “Бирдиктүү терезенин” заманбап чакан имараты курулуп бүтүп ишке кирди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Кызыл-Кыя ШИИБдин имаратында иштеп жаткан бирдиктүү терезе кайрылган жарандарга жеңил шарт түзүү максатында өзүнчө бөлүнүп, ШИИБдин короосунун четине курулуп, жарандарды кабыл алууда.
Бул “Бирдиктүү терезеге” маалым кат алганы Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан аймактардагы тургундары да кайрылат.
2024-жылдын үч ай аралыгында миңден ашуун жаранга соттуулугу бар же жок тууралуу маалым кат берилген.