Бүгүн айрым жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көлдө +13…+18, Нарын өрөөнүндө +14…+19, Бишекекте +17…+19, ал эми Ош шаарында +19…+21 градус жылуу болот.
Синоптиктер Баткен жергесинде термометр +18..+23 градусту көрсөтөрүн айтышты.