27-июнда күндүн табы +40 градуска жетет

Соц.тармактарда бөлүшүү

Эртең, 27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромед билдирди.

Маалым болгондой эртең абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+37,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *