Кутман күн, замандаш!
Бүгүн өлкө боюнча күн ачык болору айтылды.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +4…+9, Ысык-Көлдө +1…+6 градус болмокчу. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2…-7 градусту көрсөтөт.
Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы +7…+9 градуска жетери божомолдонду.
Иш күндү жакшы ниет менен баштаңыз!