Арыбаңыз замандаш!
Апта аяктап калды. Бүгүн, 19-апрелде, Баткен менен Нарындын айрым жерлерине жамгыр жаашы ыктымал. Негизинен дээрлик бардык аймакта күн жылуу болору айтылды.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарында +14…+18 градуска чейин жылыйт. Бишкек, Ош шаарларында күндүн табы +25…+27 градуска жетери божомолдонду.
Күнүңүз куунак өтсүн!