29-майда Баткен шаарында “Жылдын мыкты мугалими – 2025” кароо-сынагынын облустук этабында мыкты орундарды ээлеген мугалимдерди сыйлоо аземи өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 1-, 2- жана 3-орунду камсыз кылган мугалимдерге Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Турдубаев жана усулдук бөлүмдүн жетекчиси М.Маккамбаев тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, мугалимдерге ак дил каалоо-тилектер жолдонду. Ошондой эле жеңүүчүлөргө шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.
Сынак жаңы жобого ылайык уюштурулуп, мугалимдердин кесипкөйлүгүн, чыгармачылыгын жана педагогикалык чеберчилигин арттырууну максат кылды.
