"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

ЖАРЫГЫН ТЕГИЗ ЧАЧКАН ДАРЫГЕР

Соц.тармактарда бөлүшүү

Дарыгерди мен эки нерсеге салыштырар элем: биринчиси – ийне менен жип, ал башкаларга кийим тигип жүрүп, акырында өзү жылаңач калат. Экинчиси – шам чырак. Башкаларга жарык чачып олтуруп, акырында өзү күйүп бүткөнүн билбей калат. Демек, ушуга чыдаган инсан гана дарыгермин дей алат. Алардын бири жарым кылымдан ашык, элге жарыгын чачып келген Лейлек районунун борбордук ооруканасында эмгектенген жолдош Абдалиев.
Жолдош Абдалиевдин өмүр таржымалын барактап көрсөк – ал 1973-74-жылдары Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында педиатрия боюнча интернатурадан өткөнүн, 1974-76-жылдары Лейлек райондук оорукнасында участкалык педиатр, 1976-80-жылдары райондук балдар консультациясынын бөлүм башчысы, 1980-82-жылдары Лейлек райондук борбордук оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары, 1982-84-жылдары райондук балдар дарыгери, ал эми ошол жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин райондук оорукананын балдар бөлүмүнүн башчысы болуп кабагым-кашым дебестен, камчы салдырбай үзүрлүү эмгектенип келатканын көрөбүз. Бул жылдарда ал канчалаган балдарды ач ажалдын чеңгелинен сууруп алып, энелерге бакыт, күлкү тартуулабады дейсиз.
Эл урматтаган, эл сыйлаган мыкты инсан кадырлуу дарыгер жөнүндө гезитибиздин келерки сандарынан кеңири окуй аласыздар.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version