Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун” ишке кириши менен таанышты.
Бул ишкана 133 миллион сомго курулган.
Белгилей кетсек, таштандыларды иргеп, кайра иштетип, андан кийин турмуш-тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын чыгарууга жумшалат.
«Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9,0 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштанды кайра иштетет.
