"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО!

Соц.тармактарда бөлүшүү

БАТКЕН ШААРДЫК САЛЫК КЫЗМАТЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ
25-март күнү Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаары боюнча башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды.
Жаңы дайындалган Амирбеков Абдулнаби Патийдиновичти Баткен шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мамасалы Бегалиев, шаардык салык кызматында эмгекетенип жаткан кызматкерлер менен тааныштырды.
Баткен шаардык салык кызматына дайындалган Амирбеков Абдулнаби Патийдинович 1976-жылы Кара-суу районуна караштуу Савай айылында жумушчунун үй-бүлөсундө туулган.
1982-1993-жылдары Савай айылындагы №100 “Кызыл Кыргызстан” орто мектебин артыкчылык менен бүтүрүп, Ош Мамлекеттик Университетинин юридика факультетине тапшырып 1998-жылы аяктаган.
2000-жылы Кара-суу салык кызматынан эмгек жолун баштаган. 2007-жылы бөлүм башчы, 2009-жылдан 2018-жылга чейин ар кайсы бөлүмдөрдүн сектор башчылыгын аркалаган.
2018-жылдан Кара-суу МСКнын орун басары, 2020-2021-жылдары Жала-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын МСКнын жетекчи, 2021-2022-жылдары Кара-Кулжа районунун МСКнын жетекчиси, 2022-жылы Ноокат МСКнын орун басары, 2023-2024-жылдары Араван районунун МСКнын жетекчиси кызмат ордунда иштеген.
Ал эми буга чейин иштеп келген жетекчи Кулдашов Бактыяр Камбаралиевич башка аймакка ротация болуп которулду.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version