"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Ысык-Көлдө билим берүүгө арналган кыргыз-россия жарманкеси өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жаатындагы адистери катышып, тажрыйба, идеялар менен алмашты.

Кыргызстандын 7 дубанынан мугалимдер, мектеп директорлору, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү болду. Россиядан билим берүү тармагындагы 100дөн ашык уюмдун өкүлү келип, университеттери тууралуу маалымат беришти.

Эки күнгө созула турчу иш-чарада билим берүү боюнча Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташууга басым жасалат.

Жарманкенин алкагында панелдик дискуссия, терегерк стол, лекция, презентациялар пландалган. Документтерге кол коюу да күтүлүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version