"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“Ынтымак” спорттук мелдеши болуп өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүндө жоокерлер ортосунда 2022-жылы баатырларча курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине арналган “Ынтымак” спорттук мелдеш болуп өттү.  Бул тууралуу  КР ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары капитан Максат Сапаров билдирди.

Анын айтымында, спорттук мелдеш үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында эс алуу күнүнүн мерчеминин негизинде, өздүк курамдын моралдык – психологиялык абалын жогорулатуу максатында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун жоокерлери менен Баткен шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын жоокерлери ортосунда уюштурулду.

Маалыматтарга таянсак, мелдешке Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары подполковник Нурлан Джураев катышып, Ички аскерлердин баатырларын эскерип, спорттук иш чаранын катышуучуларына ден соолук жана ийгилик каалады.

Мелдеште катышуучулар спорттун беш түрү: 100 метрге чуркоо, команда менен 400 метрге алмашуу менен жарышуу, аркан тартуу, кол күрөш жана аскерлештирилген эстафета боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында командалык оюнда биринчиликти КР ӨКМ 3-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын курама командасы багындырса, экинчи орунду Ички аскерлердин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун курама командасы ээ болду.

Мелдештин аягында, жеңүүчүлөр медаль, диплом жана грамота менен сыйланышты.

– “Ынтымак” спорттук мелдеши 7707 аскер бөлүгүнүн 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында күжүрмөн тапшырма аткарып жатып баатырларча курман болгон аскер кызматкерлери улук сержант Ачылбек Ташбеков, улук сержант Дурусбек Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков жана катардагы Айбек Абдилабековдун жаркын элесине арналды. Мелдештин негизги максаты – баатырлардын элесин түбөлүкө калтыруу, эрдиктерин даңктоо болуп саналат, – деди КР ИИМдин Ички аскерлеринин 7707 аскер бөлүгүнүн 9-батальонунун командиринин өздүк курам менен иштөө боюнча орун басары капитан Максат Сапаров.

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version