"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Урматтуу мекендештер! Касиеттүү Баткен жергесинин калайык калкы!

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сиздерди бүгүнкү Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.
Ушул тапта, “Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун. Кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга толсун” деген аруу тилектер жаңырууда.
Чынында элибиз күткөн Нооруз – жакшы тилектердин майрамы.
Жаңыланган жаратылыштын, тазаруунун, өзгөрүүнүн жарчысы.
Жадыраган жаз майрамын элибиз эзелтен жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жаңырган жыл катары билишет.
Терең ишенимдин майрамы болгон бул күнү- ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, каалоо тилектер айтылат.
Дыйкандар жер айдап, үрөн сээп, багбандар бак тигип, мол түшүм алууга камынат.
Баарынан Баткенге жаз- эрте келет.
Жаздын жытын сезген өрүкзар менен айгүл, жарыша гүлүн ачып, адамзатка өзгөчө сезим тартуулайт.
Урматтуу агайын туугандар!
Бул күнү аймагыбызда майрам шаңга бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырууда.
Тынчтыктын, биримдик менен ынтымактын майрамы баарыбызга кут болсун.
Эң негизгиси касиеттүү жергебизде тынчтык болсун.
Тынчтыктын баркын билген Баткен элине мындан артык бакыт жок.
Акыркы эки жылда оор сыноолорду баштан кечирдик.
Албетте сиздердей мекенчил, темирдей бекем эркттүү, кайраттуу, күчтүү элибиз ал кыйынчылыктардан суурулуп чыкты.
Баткен эли мекенди коргоонун зор үлгүсүн көрсөтүп, жалпы элдин атуулдук сезимин ойготуп, биримдигин чыңдап, башын кошо алган, улуу касиетке ээ деп, ар дайым сыймыктануу менен айтып келем.
Чек арага чеп болгон баатыр элиме терең ыраазычылык билдирем.
“Жамандыкты амандык жеңет” дегендей, өлкө жетекчилигинин өзгөчө колдоосу менен, чек арадагы айылдар калыбына келтирилип, учурда кадимки жай турмуш өкүм сүрүүдө.
“Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкө өнүгөт” деген ураан астында, мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштер жүзөгө ашты.
Көп убакыт айтылып, бирок ишке ашпай келген өзгөчө статус, чек арадагы айылдарга эле эмес, жалпы облуска берилди. Анын алкагында мамлекеттик реалдуу колдоолор ишке ашууда.
Облусту ар тараптуу өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен жыл сайын 500 млн бөлүнүп, жумшалууда.
Өзгөчө статустун алкагында, пенсия пособиелерге кошумча төлөмдөр кошулуп, бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жеңилдеди.
Чынында эки өлкө менен чектешкен Баткен облусу өзгөчө стратегиялык аймак, ошондуктан калктын туруктуу жашап калуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө.
Аймактагы коопсуздук өлкө үчүн өзгөчө маанилүү экени да талашсыз.
Бул багытта өзүңүздөргө маалым болгондой, чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылып келебиз. Чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилген күн да келет.
Урматтуу мекендештер!
Ылайым ар бирибиздин жүрөгүбүздө жакшылыктын, биримдиктин, бир туугандыктын сезими согуп турсун.
Ушул ыйык күнү үйүңүздөргө кут конуп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай келсин.
Жаңырган жыл өсүп-өнүгүүнүн, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.
Асыл максаттарыбыз ишке ашсын.
Нооруз майрамыныздар кут болсун!
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор А.Алимбаев


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version