9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 20,4 миң сомдон берилет. Бул жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 9-майга карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 миллион 934,5 миң сом каралган.
Бир жолку жөлөкпул 637 адамга берилет:
– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам – 20 миң 600 сом;
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам – 20 миң 400 сом;
– концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 8 адам – 20 400 сом;
– «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйлангандар – 11 адам – 20 миң 400 сом;
– Улуу Ата Мекендик согушта фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелери жана экинчи никеге турбаган жесирлери – 1 адам – 15 миң 200 сом;
– Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар – 589 адам – 15 миң 100 сом.