Бүгүн Баткен Облустук Ички Иштер башкармалыгын башчысы Улан Жукенов Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгынын жана 7-ноябрь Маалымат жана Басма сөз күнүнө карата бир катар Баткендик журналисттерге сыйлык тапшырды.
Бул салтанаттын алкагында биз дагы Улан Койчуевичтин кыска аралыкта жасаган эмгектерин баалап, жалпы окурмандардын атынан «Баткен таңы” гезитинин 25 жылдыгына карата чыгарылган төш белгибизди тапшырдык.
Эске сала кетсек Улан Жукеновдун демилгеси менен ОИИБнин башкы имараты жаңыланууда, Лейлек райондук милиция кызматкерлерине 32 батирлүү кызматтык үй жана Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө административдик имарат курулууда. Бир катар алыскы жана чек айылдарына милициянын заманбап бөлүмчөлөрү министр Улан Ниязбековдун катышуусу менен пайдаланууга берилди. Кызматкерлер жаңы авто унаалар менен камсыздалды.