Туура 63 жыл мурда биринчи жолу адам баласы космоско учкан. Ал — Юрий Гагарин.
Туңгуч космонавт “Восток” космос кемеси менен космосто 108 мүнөт жүрүп, Жер планетасын толук айланып чыгып, аман-эсен Саратов облусуна конгон.
Ошентип 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн Космонавтика күнү деп жарыяланып калган.
