"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“Тубаса кемтик менен төрөлгөндөр көбөйүүдө”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Асан Дыйканов, КРнын Эмгек сиңирген дарыгери:

 “Тубаса кемтик менен төрөлгөндөр көбөйүүдө”

Биздин кезектеги мейманыбыз Баткен облустук биргелешкен оорукасынын жүрөк ооруларды кароо бөлүмүнүн дарыгери, эмгек жолунун 50 жылга чукул убактысын бир кесипке арнаган, райондук, облустук, министрликтердин, республикалык бир топ ардак грамоталарынын, «Саламаттыкты сактоонун мыктысы» төш белгисинин, «КРнын Эмгек сиңирген дарыгери», сыйлыгынын ээси Дыйканов Асан Нажимидинович болду. Биз облус аймагындагы жүрөк кан тамыр оорусу менен жабыркаган жарандарды кароо, аларга кеңеш берүү боюнча кыскача маалымат алдык. Дарыгердин айтуусу боюнча жүрөк оорулууларын дарылоочу дарыгерлер жетиштүү болгону менен атайын бөлүм жетишсиз. Бул багытта Асан Нажимидинович төмөнкүлөргө токтолду.

– Айтсаңыз, бул бөлүмдө кандай оорулууларга кам көрөсүздөр?

– Биздин диагностикалык консультативдик бөлүмү 2002-жылы уюшулган. Бул бөлүмдө негизинен стационардык дарыланууда жатышкан бардык ооруларды биз кароодон өткөрөбүз. Анда негизи жүрөк ооруларын карайбыз, ЭКГ жана ЭХО (кардиограмма) тартабыз. Андан кийин гана дарыланууга багыттама берилет.

– Жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркагандар көп кайрылышабы?

– Биздин облуста жүрөк оорулары менен жабыркаган жарандар өтө көп. Себеби бизде шарт башкаларга салыштырганда оор. Биринчиден, тамак аштын улам химиялашып кеткен түрлөрүнүн көбөйүшү. Экинчиден, кайдыгерлик деп айта аламын. Анткени, медицина боюнча бир жыл ичинде жок дегенде, төрт ирет ден соолугун, жүрөгүн текшертип, кароодон өтүү керек болсо, бизде, качан гана ооруп жатып калган абалга келгенде дарыгерлерге кайрылышат. Бул албетте кайдыгерлик. Анан жашоо турмуштун оош – кыйыш учурларында да адам өзүн токтоо кармабаса, сөзсүз түрдө жүрөк кан тамырларына доо кетет жана ооруга чалдыгып калуусу толук мүмкүн. Нерв клеткаларынын чыдамсыздыгы, жаш өтүп калгандагы дененин оорлошу да таасир этэт.

– Сиздерге кайрылгандардын арасында жаш балдар да кездешеби?

– Албетте бар. Жаш балдардын арасында да жүрөк оорулары менен кайрылгандар мени тынчсыздандырат. Себеби алар наристе да. Көбүнчө жүрөктөгү жетишпестиктер (порок сердца) менен ооругандар келишет. Алардын абалына карап дарылайбыз. Кээ бир балдарда бул оору билинбей өөрчүп кетет. Бирок дарыгерлердин көзөмөлү менен алар акырындап сакайып кетишет. А, кээ бирлеринде билинбей эле жүрүп, кокус кармап калышы да мүмкүн. Такай дарыгердин көзөмөлүндө болушса тез сакайышат.Учурда төрөт бөлүмдөрүндө эле ымыркайлар текшерилип, оорунун алдын алуу жеңилирээк болуп калды.

– Оорунун алдын алуу үчүн кандай кеңеш берет элеңиз?

– Бул оорунун алдын алуу үчүн адам өзүн этият кылып, кокус нервге күч келтирүүдөн оолак болуш керек. Тамактанган учурда өтө майлуу, калориясы күчтүү тамактарды азыраак жеп, жеңил тамактанып, витаминдүү азыктарды көбүрөөк жеп турууну сунуштаймын. Денеге оор келбеген кыймыл аракетти көбөйтүү да пайдалуу. Ал эми, жаш балдардын жүрөк оорусунун алдын алуу үчүн эң оболу кош бойлуу энелер өтө этият болуусу шарт. Алар стресстен, депрессиядан кыйналган учурда курсактагы балага күчтүү таасир этип кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан, бала түйүлдүктө кезинде кам көрүп аны дени сак төрөлүшү үчүн кам көрүү жакшы натыйжа берет.

– Ушул көп жылдар аралыгында ооруканада Сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн көйгөйлөр болду беле?

– Акыркы беш жылдын ичинде жүрөк оору дарыгерлери жетиштүү болуп калды. Медакадемияны бүтүрүшкөндөр бар. Азыр айтып өткөндөй эле бизге жүрөк оорусу менен келишкен оорулууларды эгер операция жасала турган болсо, Ошко же Бишкекке жөнөтөбүз. Бизде адис дерыгерлер жетиштүү болгон менен операция жасоого ылайыкташкан бөлүмдөр, керектелүүчү аппараттар жок. Ошол ой мени көп ойлонтот. Эми, Президентибиздин жеке көзөмөлү менен Баткен облусубуз да өнүгө баштабадыбы. Үмүт кылып туралы жаңыдан ооруканалар курулуп, анын ичинде жүрөккө операция жасоочу бөлүмдөр да заманбап болуп ачылып калаар. Облус аймагында операциялар жасалып жатат. Бирок, алар жеке менчик клинакалар болуп жатпайбы. Карапайым калктын капчыгына анча деле туура келбеген акча каражатын сарптоо керек болуп калат. Ошол үчүн мамлекеттик деңгээлде болсо, элге да, анда иштеген дарыгерлерге да жеңил болмок.

 – Мындай оор жана назик кесипти аркалап, дээрлик 50 жылдык эмгек жолуңузда шакирттерди да даярдадыңызбы?

– Ооба, шакирттерим көп. Учурда өзүбүздө да жүрөк оорулар дарыгерлери кызматында иштеп жүрүшөт. Баары кесибин сүйүп, ардактап иштеп келишет. Бирок, дасыгып калган мезгилде борборго, Ошко кетип калышканы да болду. Мени өкүндүргөнү да ушул.

– Эми өзүңүз, үй-бүлөңүз жөнүндө да айта кетсеңиз. Сиздин кесибиңизди перзенттериңизден улантуучулар чыктыбы?

– Өзүм 1978-жылдан бери кесибим боюнча эмгектенип келем. Алгачкы эмгек жолумду Ош облустук ооруканасынын жүрөк ооруларды дарылоо бөлүмүндө баштаганмын. Анан, Баткенге келип, ошол 1980-жылдан бери өзүмдүн туулуп өскөн жеримде кесибим боюнча эмгектенип келем. Үй-бүлөдө жубайым мугалим. Перзенттеримден үчөө менин жолумду жолдоп дарыгер болушту. Өз кесиптери боюнча эмгектенип жатышат. Неберелеримден да экөө дарыгер. Ал эми, эки кызым апасынын жолун жолдоп, мугалим болушкан.

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version