Майлуу, куурулган тамакты көп жебеш керектигин баары эле билет, бирок андан баш тарткандар аз. Адистер майлуу тамакты көп жеп, аз кыймылдоо өттө ташты пайда кыларын белгилейт.
Өттө таш пайда болгонун кантип билсе болот?
Адистердин айтымында айрым адамдардын өтүндө таш болот, бирок ал өт жолдоруна барып такалбаса, оорутпай, билинбей эле жүрө берет. Адам качан майлуу, куурулган, күчтүү тамакты көп жегенде өт жыйрылат дагы, таштар өт жолуна барып такалып оорута баштайт. Кээ бир кишилерде өттүн пристубу катуу кармайт. Мындай учурда адам бир орунга тура албай калат. Көбүнчө эки далынын ортосу, жүрөк туш оорутат. Кээ бири “жүрөгүм ооруп жатат, инфаркттын белгилери” деп кардиологго барып алат. Ашказан туш да оорутуп киши кусушу ыктымал. Приступ болгондо кээ биринин көзүнүн ичине чейин саргайып кетет. Ич ооруп, көбүшү да мүмкүн. Эгер температура берсе, анда ал өттүн ириңдеп кетишинин белгиси. Мындай учурда тезинен дарыгерге барып же тез жардам чакыртуу кажет. Айта кетчү жагдай, өттүн таш оорусунун белгилери менен уйку бездин сезгенүүсү, бөйрөктүн таш оорусу жана сокур ичегинин белгилери окшош. Ошондуктан алгач ультра үндүү изилдөөгө (УЗИ) түшүп дартты туура аныктап алуу керек.
Өттөгү таштан арылуу үчүн эң оңой рецепт
Биздин өт баштыкчабыз 4 дюймдук алмурут сымал орган. Ал карындын жогорку оң жагындагы боордун астында жайгашкан.
Өт баштыкчасында суюктуктардын, майлардын жана холестеролдун жыйындысы сакталат. Өт ичегидеги тамак-аш майларын майдалоого жардам берет. Өт баштыкчасы ичке ичегиге өттү жеткирет. Бул эрүүчү витаминдердин жана пайдалуу заттардын канга оңой сиңишине шарт түзөт.
Доктор Лай өттөгү таштарды жок кылуунун төмөнкү ыкмаларын сунуштайт. Бул дарылоо өзгөчө боору начар адамдар үчүн пайдалуу, анткени боор менен өт баштыкчасы тыгыз байланышта.
Диета:
Күн сайын төрт стакан алма ширесин ичиңиз же биринчи беш күндө 4-5 алма жеңиз. Алма ширеси өттөгү таштарды жылмакай кылат. Бул беш күндүн ичинде кадимкидей тамактаныңыз.
Алтынчы күнү түштө тамактанууга болбойт.
Алтынчы күнү кечки саат 18:00дө рационуңузга бир стакан жылуу сууда эриген бир чай кашык эпсом туздарын (магний сульфаты) кошуңуз.
Саат 8де ошол эле нерсени кайталаңыз.
Кечки саат 10до жарым стакан оливка майын жарым стакан жаңы сыгылган лимон ширесин алып, аралаштырыңыз жана ичиңиз. Май таштарды майлап, бул кадамды жеңилдетет.
Эртеси эртең менен заңыңызда жашыл таштарды байкашыңыз керек.
“Менин бейтаптарым көбүнчө 40, 50, ал тургай 100гө чейин таштарды табышат” дейт Чиу Нан.
«Өттө таш оорусунун белгилери жок болсо да, бул рецепти колдонсоңуз болот. Өттүн күчтүү жана дени сак болушу ар дайым жакшы”, – дейт кытайлык дарыгер.
Пайдалуу кеңештер