Баткен РИИБдин Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында чек ара кызматкерлери менен биргеликте коңшу өлкөгө аткезчилик жол менен 21 бодо малды алып кирүүгө аракеттенген жарандарды кармашты. Бул тууралуу Баткен ОИИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Шектүү М.Ы. 2024-жылдын 21-июль күнү Кара-Бак айыл аймагына караштуу Тажикстан Республикасына аткезчилик жолу менен 21 бодо малды өткөзүү үчүн Өзгөн шаарынан сатып алып, айдоочуну жалдап, «Баткен районунун Кара-Бак айылына алып барсаң, сени балдар күтүп алышат»- деп жиберген.
Ушул эле күнү шектүү шериктери менен бирге Кара-Бак айылы менен Тажикстан Республикасынын жер тилкелери кесилишкен аймактан автоунаадан мал жандыктарды түшүрүп, бакка байлап жаткан кезде УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери аларды кармоо үчүн барышкан. Ушул учурда шектүүнүн эки шериги окуя болгон жерден качышып кетишкен, ал эми 21 баш бодо мал менен шектүү М.Ы. айдоочу экөө колго түшүрүлгөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37-беренеси менен 231-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул фактыга тиешеси барлардын бардыгы тергөө кызматына камсыздалып, суракка алынды. Анын негизинде шектүү катары жарандар М.Ы. менен К.уулуА кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда жогорудагы аткезчилик фактысы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Баткен ОИИБи эскертет: Ички иштер органдарынын кызматкерлери облустун аймагындагы күч түзүмдөрү жана Чек ара кызматы менен биргеликте аткезчилик менен алектенген жарандарга каршы аёосуз күрөш жүргүзүүдө. Жарандарды мыйзамсыз иш-аракеттерди жасабоого чакырат.
