2025-жылдын 3-март күнү Баткен районунун Дөбө жергилигинде чек ара кезмети тарабынан белгисиз жаран Тажик Республикасынан Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен жүк өткөрүп жаткан жеринен кармалган.
Кармалган жүктүн болжолдуу баалары төмөнкүдөй аныкталды.
– Herpinize-250 – 160 даана (1 даанасы 150-200 сом);
– Methotrexate Injektion IP Plastomet-50 – 400 даана (1 даанасы 1000 сом);
– Galcyclovir – 509 даана (1 даанасы 200-300сом);
– Candibiotic plus – 3500 даана (1 даанасы 500 сом).
Кармалган жаран Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 1987-жылы туулган Дөбө айылынын тургуну Кенешбек Ысмайылов.
Бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.