Ташиев Сузак райондук милициясына 12 автоунаанын ачкычын тапшырды
25

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө 12 автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.
Анын ичинен:
Chevrolet Cobalt — 9;
Mercedes-Benz Sprinter — 2;
Lada Niva — 1.
Ташиев автоунаалар президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык берилип жаткандыгын айтты.
Ошондой эле өздүк курамды жаңы жылы менен куттуктап, бул жылы Сузак милициясына жаңы имарат салынаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, жаңы жеңил автоунаалар аймактык милиция бөлүмчөлөрүнө, райондук ЖКККБга, Mercedes-Benz Sprinter Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына берилди.