Зымрат Нусратованы табият жараткан актриса деп койсо да болот. Эми эле эс тарткандан баштап, чыгармачылыкка жакын өскөн секелек кыз өзүнүн курдаштарынын арасында да ар кандай образдарды жаратып, дайыма өзгөчөлөнүп турчу. Ырларды көркөм окуганда көптөр шыпшынышып, “бул кызга көз тийбесе экен” деп калчу. Тагдырдын буйругуна арга барбы, эми эле талпынып, канатын күүлөп “актриса болом, чоң ролдорду ойнойм, киного тартылам” деп жүргөн кыздын алтынчы классында апасынын капысынан көз жумушу баарын ойрон кылган.
Күтүүсүз оор жоготуудан кийин үйдүн түйшүгү бардыгы Зымратка калды. Эне ордуна эне болгон кыз, түн бир оокумга чейин бөбөктөрүнүн түйшүгүн көтөрүп, алардын кем-карчын бүтөчү. Бул оор сыноодон кийин мектепте мыкты окуган Зымрат түнт болуп кетти. Ошентип, кабыргасы ката электе бир үйдүн үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйнап жүрүп, Баткен шаарындагы Ленин атындагы орто мектебин аяктайт. “Жамандыкты амандык жеңет” дегендей, өзүнүн наристе кезде сүйгөн кесиби аны жашоого болгон үмүт отун кайра жандырды. Эми окууга барып, сүйгөн кесибимди аркалайм деген кыз бул жолу дагы карыган чоң энесинин капыстан ооруп төшөктө жатып калгандыгынан улам, бул жолу да тагдырдын буйругуна баш ийип отуруп калды.
Кийин, раматылык Зайирбек Султанов агай Зымрат Нусратованын табигый талантына тан берип, “мейли сен окубасаң да, маданияттын мыкты кызматкери болосуң” деп кызматка алган. Ошентип, Зымрат Нусратованын үчүнчү жолу максат тилеги орундалып, өзүнүн сүйгөн кесибине ээ болду. Оо, анда, Союздун убагы болчу, атайын автоклубдар менен жаш өнөрпоздор малчыларды кыдырып концерт коёр эле. Концертте ырдап эле чектелбестен, алып баруучу катары дагы жарк этип, таанылган Зымрат Зайналовнаны -“Оо бар экен го, баракелде!” -деп барган жерден кол чаап тосуп алышчу. 1983-жылдары болсо керек эле, анда Баткен облусу эмес Ош облусу болуп турган мезгил. Атайын Оштон режиссёрлор келип, “Октябрь берген бак-таалай “- деген теле көрсөтүү даярдап калышат. Режиссёр алдастап, алып баруучу издеп калганда, капысынан Зымрат Нусратованын көркөм окуган образын көрүп, көктөн издегенин жерден тапкандай сүйүнгөн.
“Мына, кудай бербедиби, мен бир айдан бери издегенимди таптым. Сиз алып баруучу болосуз. Бул көрсөтүү Ошто өтөт. Көрсөтүүдөн кийин, Апаз Жайнаковдун тушоо кесүү концерттин да алып баруучусу Мансур Парпиев экөөңүздөр болосуздар”, – деп алысты көрө билген чыныгы режиссёр сунуш кылганда Зымрат эжеге бир эсе жоопкерчилик жүктөлсө, бир эсе күтүүсүз кубаныч болгон. Ошондо тушоосу кесилип, такшалган алып баруучу, аткаруучу катары таанылган эле.
1985-жылы өмүрлүк жолдошун таап, алыскы тоо арасындагы Сары-Талаа кыштагында жашап калат. Эмгек жамаатындагы таланттуу кызматкердин орду ошондо дароо эле билинген. Таланттуу айым маданияттан алыстап калбасын деп, ошол Кан айылындагы китепканага китепканачы болуп иштеп жүрдү. Бул жерде дагы өзүнүн чыгармачылыктагы өжөрлүгү менен китепканалар арасында уюштурулган облустук, республикалык кароо сынактарда бир эмес, бир нече жолу биринчиликти алган.
Жашоо уланып, үй-бүлө куралып өзүнчө чакан мамлекетти түзгөн биздин каарманыбыз Зымрат эже менен өмүрлүк жолдошу Мамат Исаков беш перзенттүү болушат. Перзенттеринин баарына татыктуу тарбия, жеткиликтүү билим берген элеттик жубайлардын бак-дөөлөттүү жашоосуна бүлүк салган 1999-жылдагы каргашалуу окуядан кийин Баткенде туруктуу жашап калышат. Өлбөстү кудай, сынбасты уста жаратыптырбы? Чыгармачылыгына дайыма шам жагып, дем берип, алтурсун кээде көңүлүн көтөрүп, сен Таттыбүбүдөн да мыктысыё, деп эркелетип келген өмүрлүк жолдошу 2020-жылы капысынан көзү өткөндө, Зымрат Зайналовна дагы бир жолу оор сыноого кабылды. Канаты кайрылды, муңдашы, сырдашынан айрылды. Чын эле бул актриса үчүн баарынан кыйын болду.Үшкүргөн менен ыйлаган менен кеткен кайра кайтчу беле? Тагдырга моюн сунуп, өзүнө-өзү кайрат айтып, турмуш туткасын бек кармады.
Дайыма изденип, эл үчүн, жер үчүн жан үрөп, эмгектенген айым коогалаңдан кийин Баткен шаарындагы Огата орто мектебинде, андан кийин жаңыдан ачылган Баткен мамлекеттик университетинде, облустук ТВда иштеп калат. Бактысына 2006-жылы Баткенде театр ачылып, залкар, белгилүү обончу Апаз Жайнаков менен кайрадан кесиптеш болуп, иштеп калат.
Жаңыдан театрды уюштуруп, жетекчи болуп келген Апаз Жайнаков дароо эле Зымрат Нусратованы издетип, акыры театрга алып келет. Мына ошондон баштап, табият берген актриса Зымрат Нусратова өмүр бою эңсеп келген максатына жетет.
Мунун өзү кудай берген кандай чоң бакыт. Үмүт үзүлдү, мен эми белгилүү актриса болбой калдым деп турганда Апаз Жайнаковдун жакшы сөздөрү, чыгармачылыкка дем болгон колдоосунан улам, Зымрат Зайналовнанын театрдагы бактысы ачылды. Жан дүйнөсү театрга жакын айым кандай гана катаал же жеңил образдуу ролдор берилбесин, деңгээлинен ашыра ойногондо мен деген режиссёрлор да тура калышып, “браво”!- деп кол чабышат. Өзгөчө эненин ролун аткарганда ким болбосун табигый таланты бар Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма-театрынын жогорку категориядагы артисти, КРнын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси, Гүлшара Дуулатова, Алиман Жанкорозова атындагы лауреаттык дипломдордун ээси.
Чын эле, Баткен театры жаңы түптөлдү, атайын окуу жайды бүткөн кадрлардын таңкыстыгынан эмгек жамаатында көп кыйынчылыктар болду. Бул оор күндөрдү маркум Апаз Жайнаков жон тери менен сезди. Суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн залкардын эмгегин ошондо баары эле баалай алган жок. Дал ушул, Зымрат Нусратова өңдүү чыныгы таланттар, адамгерчилиги бийик инсандардын өжөрлүгү менен театр күн санап өсө берди. Алтурсун, кылымга тете тарыхы бар театрлар менен тайлашкан драмаларды жаратышты. Республикалык, эл аралык деңгээлде өткөн фестивалдарда байгелүү орундарга жетишти. Бул аралыкта Замир Сооронбаев койгон “Өксүгү күчтүү өмүрдө” Салиманын ролун, Акылбек Абдыкалыков койгон “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектаклинде байбиченин, (Урматхан айым койгон) “Пырагы” спектаклинде кабарчы кемпирдин, Абдинаби Даабековдун чыгармасынын негизинде Аскар Ражабалиев жазган “Арман” (режиссёру С.Султанмуратов) эненин ролун аткарып, көпчүлүктүн көңүлүн кадыресе профессионал актрисалардай ойноп, эл алкышын алды.
Мындай деңгээлге кыска аралыкта жетүү жеңил эмес. Бирок, табиятынан маданиятка, исскуствого жакын айым Нусратова Зымрат Зайналовна жетишти. Тынымсыз эмгек, өз кесибин баалоо, нукура жакшы көрүү деген ушуда…
Адылбек Акматов, “Баткен таңы”