Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү
56

Бишкекте 36 жаштагы келин 3 эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык перинаталдык борбордо 2-январда үч эм төрөлдү.
36 жаштагы аял кесарево жолу менен үч эм төрөгөн. Үчөө тең кыз. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы туруктуу.
Келин борборго 28-декабрда кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылып, стационардык дарыланууда болгон.