"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

ШЕК ЖАРАТКАН ЖАРАН ЧЕК АРАЧЫЛАР ТАРАБЫНАН КАРМАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Үстүбүздөгү жылдын 19 – октябрында Лейлек районунун Жаңы -Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлери тарабынан Бешкент айыл аймагынын тургуну Салимхожа Темировго таандык Газель үлгүсүндөгү авто унаа токтотулуп, текшерүү жүргүзүлгөндө 5 баш торпокту Борбордук айылындагы Икрам жана Шахбоз аттуу жарандарга сатуу үчүн алып бараткандыгын айтат. Чек арачылар 21 күнгө карантинге алынаарын айтышканда айдоочу артка кайткан.
Бирок, ошого карабастан чек кызматкерлерине айткан убадасын аткарбастан Достук каналынын боюнун кайра артка кайтып, чек посттору жок аймак аркылуу Тажикстанга өтүүгө аракет жасаган жеринен кармалды.
Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган бул жаран түнкү саат 23 төн өткөндө кармалып, ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди .


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version