ӨКМ 23-июлдан 26-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр жаай турганын билдирди. Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экени эскертилди.
Министрлик төмөндөгү эрежелерди сактоого чакырган:
🔸арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
🔸турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
🔸үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерден алыс экенине өзгөчө көңүл буруңуз;
🔸сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
🔸мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.