"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткен шаарынын мэри: «Шаарыбыздын юбилейлик майрамына карата ири долбоорлор ишке ашырылат»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Имамназар Бурканов, Баткен шаарынын мэри:       «Шаарыбыздын юбилейлик майрамына карата ири долбоорлор ишке ашырылат»

 Жакынкы жылдарда Баткен шаарында 2500гө чукул жумушчу орундарын камсыз кылган 32 жаңы ишкана ачылышы күтүлүүдө. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү, инвесторлорду тартуу максатында инфраструктура, коммуникация маселелерин чечүүгө республикалык бюджеттен каралган каржылык колдоолорунун негизинде 5 чакырым жолдор асфальттанат. Көмөкчү чордондор жаңыланып, 3 чакырымга таза суу түтүкчөлөрүн тартуу долбоорун ишке ашыруу алдында турат. Учурда автобекет, муниципалдык соода-сатык базары жана медакадемиянын имараттарынын курулуштары аяктоодо.

Ушул жана башка маселелер боюнча шаардын мэри Бурканов Имамназар Апызович менен маек курдук.   

               

– Имамназар Апызович, алдыда кош майрам. Облустун түзүлгөндүгүнө 25 жыл. Ошого удаа эле Баткенге шаар макамы берилгендигине да 25 жыл толот. Күзүндө белгиленүүчү бул майрамга карата кандай даярдыктар жүрүп жатат?

 

– Туура быйыл облусубузда ушундай юбилейлик майрамдар белгиленет. Буга карата бизде өзгөчө даярдыктар көрүлүүдө. Буюрса 25 жылдыкка карата бир катар чоң ачылыштар болот. Ошондой эле “25 жылдыкка 25 иш чара” аттуу демилге колдоого алынып, иш чаралардын планы бекитилген. Учурда шаардын аймагындагы бардык иш чаралар 25 жылдыктын алкагында өткөрүлүп жатат. Шаардын 25 жылдыгына карата эмблеманын жана юбилейлик медалдын эскизин иштеп чыгууга сынак жарыяланган.

Айта кетүүчү нерсе, учурда Баткен шаарынын аймагында бир катар социалдык обьектилер курулуп жатат. Мына ошол курулуш обьектилеринин бүтүп, пайдаланууга бериле тургандары такталып, буюрса 25 жылдыкка карата ачылышы болмокчу.  Ошондой эле бардык тармактарда юбилейлик иш чаралар өткөрүлөт.  Социалдык тармакта айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо иштеринен тартып көрүнүктүү жерлерди өзгөчө дизайн менен жасалгалоо иштери жүрмөкчү, бул багытта жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат. Мындан сырткары кароо-сынактар, фестивалдар жана көргөзмө-жарманкелер уюштурулат.

 

– Баткен шаарында өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтоло кетсеңиз?

– Мамлекет тарабынан Баткен облусун өнүктүрүүгө масштабдуу колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын республикалык бюджеттен 500 млн сом каражат бөлүнүп келүүдө. Анын ичинен Баткен шаарын өнүктүрүүгө 3 иш чара сунушталып, 2023-жылга 70 млн сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн бул каражаттарга муниципалдык автобекет жана соода-сатык комплексин куруу долбоору ишке ашууда. Ал эми быйылкы 2024-жылга болсо, 185 млн сом бөлүнүп, жогорудагы курулуш иштери улантылууда. Ошондой эле өнөр жай зонасынын инфратүзүмүн жакшыртуу багытында долбоорлор ишке ашырылууда.

Буюрса, бул ири долбоорлор ишке ашса, буга чейин шаар тургундарына көп жылдардан бери көйгөй болуп келген бир катар маселелер чечилет. Жаңы жумушчу орундары түзүлүп, жергиликтүү бюджеттин өсүүсүнө да өбөлгө болот.

 

Шаардын ирригациялык тармагын өнүктүрүү багытында да бир топ жакшы идеялар ишке ашып жаткандыгы жөнүндө кабарыбыз бар. Мүмкүн болсо кененирээк айтып бересизби?

– Баткен облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү Жол картасына сунушталган Чет-Булак жана Аэропорт участкаларына сугат суу каналын куруу долбоору ишке ашырылса, Баткен шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун 54 га жер аянтына сугат суу жеткирилип, дың жерлер өздөштүрүлөт. Айыл чарба тармагы жанданат.

Мындан тышкары, Кызыл-Жол аймагындагы “Кара-Тоо” суу насостук станциясын ишке ашыруунун алкагында 400 га жер аянтына сугат суу жеткирилип, 800-1200 жаран жумуш оруну менен камсыз болот.

Ошондой эле, шаардын Төрт-Гүл участкасынан 225,0 га жер аянтына тамчылатып суугаруу менен бадам көчөттөрүн отургузуу долбоору ишке ашууда. Учурда 30,0 га жер аянты өздөштүрүлүп, “Анвар” кооперативинин түзүлүүсү менен жогорку сапаттагы бадам көчөттөрү отургузулду. Долбоор толугу менен ишке ашырылса, 200,0 га жер аянты суулуу, жашыл аймакка айланып, аймактагы сугат суу маселеси чечилет. Анткени Баткен шаарында кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин жалпы аянты 469,0 гектарды түзсө, анын ичинен 268,0 га сугат айдоо, 124,0 га көп жылдык бак, 77,0 га кайрак жер болуп саналат.

 

– Айтмакчы, балдар бакчасы, мектеп куруу көйгөйлөрүн чечүүдө кандай аракеттер жасалууда?

– Бул көйгөйдү чечүү максатында 600 орунга ылайыкташкан мектептин имаратынын курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле 1200 орундуу кыргыз-орус мектебин куруу ишке ашырылат. Мындан сырткары, кошумча дагы 225, 275, 375 орундуу 4 орто мектептин имаратын, 140 орунга ылайыкташкан 3 балдар бакчасын куруу АРИС уюмуна сунушталган.

Ал эми кадрдык муктаждыкты камсыздоо жана алыскы аймакты өнүктүрүүдө “Иса Ахунбаев” атындагы медициналык академиянын курулушу – Баткен жаштары үчүн келечекке салым болуп каларынан үмүтүм чоң. Калк саламаттыгына кам көрүүдө окуу жайдын ооруканасынын иштөөсү да биздин элге көрсөтүлгөн камкордук болот деп эсептейм. Ошондой эле, жергиликтүү жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө эс алуу жайларын реконструкциялоо, тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жашылдандыруу, дени сак жашоо образын жайылтууда спорт комплексин куруу иштери жүзөгө аша баштагандыгын да кошумчалап кетким келет.

 

– Шаардын көчөлөрүн кеңейтилип жаткандыгы дагы шаардыктарга жакшы маанай тартуулоодо. Бул иштер дагы улантылабы?  

– Ички жолдор шаар ичинде 177,5 чакырымды түзүп, анын ичинен 42,4 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Өткөн жылы өлкө башчысы Жапаров Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен 520 метр жол асфальтталган. Быйылкы жылга карата республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле АРИС уюмунун колдоосу менен жолдорго асфальт төшөө жумуштары колго алынат. Себеби Баткен шаарынын ички жолдорунун 133,3 чакырымы, же болбосо 75,1 % асфальттоого муктаж. Буга байланыштуу учурда атайын комиссия түзүлүп, шаар ичиндеги көчөлөрдү кеңейтүү, жол куруу иштерине даярдоо жумуштары жүрүүдө. Ал эми кенейтилген көчөлөр тууралуу айта турган болсок, акыркы үч жыл аралыгында шаардын ички көчөлөрү кенейтилип, мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүп, тротуар курулуп, суу ноолору жаткырылды. Тагыраак айтканда Ж.Момунов, Ж.Бөкөнбаев, Г.Абдубалиева көчөлөрүндө аталган жумуштар аткарылды. Быйылкы жылы М.Сейдалиев, И.Каюмов, 1-май, И.Раззаков көчөлөрүн кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле И.Раззаков жана О.Абдрахманов көчөлөрүнө асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүүдө. Бул сыяктуу иштер алдыда улана берет.

 

– Шаарда калкты турак-жай менен камсыз кылуу маселеси кандай чечилүүдө?

– Жарандарыбыздын өз турак-жайына ээ болушу үчүн системалуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, соңку жылдары турак жай маселеси, шаар тургундарынын көйгөйлүү маселесине айлангандыгын жашыра албайбыз. Ал үчүн Кызыл-Жол жана Чет-Булак кварталынан жалпы 199,6 га жер аянтын трансформациялоо боюнча шаардык деңгээлдеги иш кагаздар даярдалып, жогорку органдарга сунушталган. Себеби турак жайга муктаждык боюнча шаар калкынын 15,2%ы же 5200 арыз берген жаран бар. Мындай муктаждыкты чечүү үчүн мамлекеттик ипотекалык компанияга 0,50 га, жеке комапанияларга 0,45 га жер аянты көп кабаттуу үйлөрдү курууга сунушталган. Эми шаарда 5000 кожолукка үзгүлтүксүз таза суу жеткирүү, канализация тутумдарын, саркынды суу тазалоочу жайын жаңыдан куруу долбоору ишке ашырылса, алдыдагы 5 жыл аралыгында жогоруда айтылган муктаждыктарды дээрлик толук кандуу чечүүгө көмөк берет.

Адылбек Акматов, «Баткен таңы»


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version