"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Үшүк жүрөт. Кыргызгидромед шашылыш билдирүү таратты.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызгидрометтен билдиргендей,  7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен, Нарындын айрым жерлеринде жамгыр болушу ыктымал

Чүй чөлкөмүндө —  түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18

Талас жергесинде — түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө — түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23, тоо этектеринде — түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14

Ысык-Көл ойдуңунда — түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17

Нарын аймагында — түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10 градус болот

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version