"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Самаркандек айылы таза суу менен камсыз болот

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак, Самаркандек, Паскы-Арык айылдары ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Бул үчүн азыркы күндө аталган 3 айылда атайын техникалар тартылып, казуу, желим түтүктөрүн жаткыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Самаркандек айыл өкөмөтүнүн башчысы Келдибек Мергенов билдирди.

 

Анын айтымында курулуш иштерин «Инженерная защита» жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырып жатат.

– Аталган айылдарда курулуш иштери «Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр кичи долбоорунун суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо (лот №1)» долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоорду буюртмачы Самаркандек айыл өкмөтү. Аткаруучу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) уюму. Жалпы суммасы 2 882 885,09 АКШ долларын түзөт. Анын ичинен Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 2 528 846, 57 АКШ доллары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 354 038,52 АКШ доллары каржыланат. Азыркы күндө курулуш иштери 30 пайызга аткарылган.

Долбоордун ишке ашуусу менен Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык, Самаркандек жана Жаңы-Бак айылдарынын 12 773 калкы ичүүчү таза суу менен камсыз болушат. Долбоор үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан башталган. Буюрса 2025-жылдын 1-сентябрына карата аяктоо мерчемделген, – деди айыл өкмөт башчысы К.Мергенов.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version