"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Салык кызматы 2025-жылга чейин базар, кичи базардагы ишкерлерди текшербейт

Соц.тармактарда бөлүшүү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январына чейин мораторий узартылганын эскертти. Негизи базар, кичи базарлардын ишкерлерин текшерүүгө киргизилген мораторий 1-июлга чейин болчу, бирок соодагерлерди колдоо максатында аны узартуу чечими кабыл алынды.
Эми бул убакытка чейин Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонбогондугу үчүн айып салбайт.
Буга чейин Бишкектеги базарларда соода кылгандар митинг уюштуруп, ЭТТК колдонууга каршы экенин билдиришкен.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version