Сүлүктү шаарынын мэриясында “Социалдык келишим” долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу “Шахтер жолу” гезити маалымдады.
Маалым болгондой иш-чарага мэр Болот Абдыжапаров, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Увраим Акимбековдор катышты. Долбоордун алкагында, 2024-жылга карата 9 аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди.
Сүлүктү шаардык социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык, Сүлүктү шаары боюнча 2022-жылда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 000 сом өлчөмүндө кайтарымсыз материалдык колдоо көрсөтүлгөн. Ал эми 2023-жылы Министрлик тарабынан бекитилген квотага ылайык, кайрадан 25 аз камсыз болгон үй-бүлө колдоого алынып, кайтарымсыз 100 000 сом өлчөмүндө акча каражаты берилген. Азыркы учурда колдоого алынган долбоорлордун басымдуу бөлүгүн мал чарбачылык тармагы түзөт. Ошондой эле тигүүчүлүк, такси кызматы, массаж жасоочу бөлмө, сулуулук салону сыяктуу дагы бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып, бүгүнкү күндө жемиштүү жыйынтыктарын берип жаткан чагы.