"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Сүлүктүдө үйдө бекилип калган бала куткарылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 5-февралда Сүлүктү шаарындагы Раззаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде батирдин эшиги бекилип калгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Куткаруу иштерин жүргүзүүгө шаардагы №52 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар көп кабаттуу үйдүн терезеси аркылуу кирип батирдин эшигин ачышкан. Андан соң баланы аман-эсен куткарып, ата-энесине өткөрүп беришти.
Баланын абалы жакшы.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version