Бүгүн Сүлүктү шаарына улуу инсан Исхак Раззаковдун эстелиги тургузулду.
Албетте бул күн шаардыктар үчүн өзгөчө кубанычтуу тарыхый күн катары эсте калды. Бүгүн эле шаарда үч жаңы ачылыштар болуп, сүлүктүлүктөрдүн жана шаардын меймандарынын майрамдык маанайын көтөрдү. Алар заманбап стилде курулган шаардагы Жаш-Тилек эс алуу багы,ошого удаа эле 5 кызматтык үйлөрдүн пайдалануу берилгендиги жана улуу инсан И.Раззаковго тургузулган эстеликтин ачылыш аземи болду Буга чейин да Сүлүктү шаарындагы дал ушундай ири курулуштарды, жаңы пайдаланууга берилген өнөр жай ишканаларды эске алсак Сүлүктү өнүгүү жолунда.
Албетте, мындай ийгиликтердин жаралышында шаардын мэри Болот Абдыжапаровдун тынымсыз жана натыйжалуу эмгегинин үзүр экендигин адилеттүүлүк үчүн айта кетели.