"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

СҮЛҮКТҮДӨ 7 ТУРАК ҮЙ ЖАНА БАЛДАР БАКЧАСЫ СЕЛ КОРКУНУЧУНАН КОРГООГО АЛЫНДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде облус аймагында сел кооптуулугунан коргоо иштери аткарылууда. Сүлүктү шаарында да учурда сай жээгин бекемдөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу ӨКМ нын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Макаевка көчөсүндө жайгашкан сел өтүүчү сайды механикалык тазалоо иштерине ӨКМден эксковатор техникасы тартылган. 260 метр аралыкка белгиленген жумуштун натыйжасында аталган участкада жайгашкан 7 турак үй жана балдар бакчасы сел келүү коркунучунан коргоого алынды.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version