"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Сүйүнчү! Зардалы айылына уюлдук байланыш орнотулду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз-катчысы Аскат Алагозов фейсбук баракчасына жазды. Маалым болгондой Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Мега” компаниясы Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышты орнотту.
Эске салсак, Мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентбярында барган. Айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн. Президент Садыр Жапаров Администрациясынын кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Бүгүн “Мега” компаниясынын башкы директору Эльнар Субакожоев Мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып маалымат берди.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version