2025-жылдын 1-июнунда болжол менен саат 15:41де Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылындагы Кушулук сай участкасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалымат түшкөн замат айыл өкмөтүнүн адистеринен түзүлгөн ыкчам топ окуя болгон жерге барып, чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Өрттүн масштабы жана абалы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысына дароо маалымдалган.
Өзгөчө кырдаалды алдын алуу максатында Лейлек районунун акими Осмонбеков Канимет Бийзакович кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, бардык тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берген.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында өрт ошол эле күнү саат 19:45те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүү иштерине жалпысынан 74 адам, анын ичинде айыл тургундары жана мекеме кызматкерлери тартылып, 20 даана техника колдонулган. Анын ичинен жайыт комитетине таандык 3 атайын техника да ишке киргизилген. Жалпысынан болжол менен 50 гектар жайыт жер өрттөнүп кеткен.
Азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери жеринде калып, кошумча чалгындоо иштерин жүргүзүүдө.
Жергиликтүү бийлик өрттү өчүрүүдө активдүү катышкан бардык кызматтарга жана айыл тургундарына ыраазычылык билдирди.