"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

РАЗЗАКОВ ШААРЫНДА ЗАМАНБАП МАЛ БАЗАРЫ АЧЫЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Раззаков шаарында архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берген муниципалдык мал базары ачылып пайдаланууга берилди.
Административдик жана чарбалык имараттары курулуп, таза суу, электр энергиясы жеткирилип, жарыктандыруу иштери да жасалган.
Курулушка жалпы 26 млн сом жумшалып, бардык керектүү шарттары түзүлгөн.
Курулушка каражат Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген 500,0 млн сомдун эсебинен 15 млн сом, Лейлек районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 6 млн 700 миң сом жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 654 миң сом жумшалган.
Негизи “Муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн мэриядан 6,0 га жер ажыратылып, долбоорго ылайык алдыда бул аймакта унаа базар, чөп базар, дыйкан базар жана унаа токтоочу жайлардын курулушу да пландалган.
Базар бүгүн өлкө аймактарында Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда, Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш чаранын алкагында ачылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version