Лейлек районунун Раззаков шаарына аскердик окуу жайы куралат. Ал үчүн шаар аймагынан 7 гектар жер бөлүнүп берилди. Үстүбүздөгү жылдын 27- майында Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өлкөнүн Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов менен жеринде долбоор менен таанышып чыкты.
СССРден бери эске келбеген мындай жагымдуу жаңылыкты жергиликтүү тургундар жакшы кабыл алышууда.
Борбордон 1000 чакырым алыс же Республиканын түштүк батыш аймагында жайгашкан тургундар жагымдуу жаңылык. Өзгөчө жаштар үчүн. Эми Мекен чегинде турган жергиликтүү калк алыска барбай эле жакынкы жылдарда пайдаланууга берилүүчү Раззаковдогу аскердик окуу жайдан аскердик билим ала башташат.
