"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Пусан кинофестивалынын кызыл килеминде “Качкын” кыргыз тасмасынын тобу өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  маалыматына ылыйык тасманын тартуучу тобу режиссер жана сценарист Дастан Жапар, продюсер Сүйүм Сулайманова, ко-продюсер Искендер Эмилбаев, ошондой эле башкы актерлор Абылай Маратов менен Мээрим Атантаева 02-октябрда Пусан кинофестивалында Кыргызстандын намысын коргоп кызыл килемден өтүү аземинде болушту.

Эскерте кетсек, «Качкын» тасмасы «Мыкты тасма» номанициясын алуу үчүн ат салышууда. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 04-октябрь күнү болмокчу.
Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылдан бери Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы абройлуу кинофестивал. Быйыл кинофестиваль 2-11-октябрда өтөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version