"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

️Президент Садыр Жапаров инисинин кызы Лазат Нуркожоева үчүн кечирим сурады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Буга чейин анын колун шаан-шөкөт менен сураган видео соцтармакта талкуу жараткан.

Президент болочок күйөө баласын бул жоругу үчүн сындап, президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин белгилеген.

“Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгону жатса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып аткандан кийин баш тартмак эмес да. “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат.”, — деген ал.

Өлкө башчы ӨКМге тик учактар өз баасын актап, жаңыларын алуу үчүн ижарага берүүгө уруксат берилгенин айткан.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version